Баткенде 80 социалдык объекттин курулушуна жана оңдоо иштерине 1,5 миллиард сом багытталат.
Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумма мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.
Мекемелердин катарында – мектептер, бала бакчалар, ооруканалар, ирригациялык тармактар,
ошондой эле коргоо жана тартип коргоо объектилери бар.
Каражатты ушул жылы бөлүп берүү пландалууда.