Министрлер кабинети Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартты

Министрлер кабинети Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартты. Санариптик өнүктүрүү министрлиги даярдаган мыйзам долбоордон мындай жобо алынып салынды.

 

Документке ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү каттоо лицензия берилүүчү ишмердик болуп саналбайт. Бул ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сомдук төлөмдү жокко чыгарат.

 

Белгилеп кетсек, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин уюлдук телефондорду каттоодо 700 сомдон алуу сунушу коомчулукта нааразылык жаратты.