Бишкекте Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасманын бет ачаары өттү

Мамлекеттик тарых музейинде «Жусуп Абдрахманов кыргыз мамлекетинин негиздөөчүсү» аттуу тарыхый даректүү тасмасынын бет ачаары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты. Тарыхый тасманын сценарийин тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Асан Ормушев жазган.

Фильмдин режиссёру — Мырзабек Айдаралиев.

 

Тасмада биринчи жолу тарыхый документтердин негизинде Абдрахмановдун ата теги, уялаш бир туугандары, орус-тузем мектебинде окуган учурлары жана Алматыдагы, Москвадагы, Оренбургдагы, Самарадагы архивдеги документтердин негизинде Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн чагылдырган.

Тасмада белгилүү саясатчылар, тарыхчылар жана коомдук ишмерлер Жусуп Абдрахманов жөнүндө өздөрүнүн ой-пикирлерин кеңири билдиришкен.