Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады

Өкмөт чет өлкөгө доллар алып чыгууга чектөө киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, чет элдик жарандар өлкөдөн накталай түрдө 5 миң доллардан ашык алып чыга албайт.

 

Кыргызстандын жарандарына 10 миң долларга чейин чек коюлат. Андан көп сумма болсо, 10 пайыз төлөм киргизилет.

 

Бул өлкөдө экономикалык коопсуздукту жана каржылык туруктуулукту камсыздоо үчүн кабыл алынган чара. Белгилеп кетсек, дээрлик эки жыл 85 сомдун тегерегинде туруктуу кармалып келген доллар   24-февралда кескин кымбаттап баштаган.