Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы АКШда дагы бир сыйлыкка татыды

Кыргызстандын «Шамбала» тасмасы АКШда дагы бир сыйлыкка татыды.

Тасма Лос-Анжелесте өткөн Азия кинолорунун дүйнөлүк фестивалында

«Көрүүчүлөрдүн симпатиясы» сыйлыгын алды. Кинодогу башкы каармандын

образын жараткан Артур Аманалиев көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп,

жогорку чеберчилиги таң калтырды. Эске салсак, буга чейин ушул эле

тасманын режиссёру Артыкпай Сүйүндүков  Стамбулда өткөн түрк

дүйнөсүнүн «Коркут Ата» кинофестивалында мыкты режиссёр наамына ээ болгон.

«Шамбала» фильми Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасынын негизинде тартылган.