Бишкектеги Көк-Жар конушу канализацияга туташтырылат.
Мэриядан билдиришкендей, иштер конуштун 20-кварталында аткарылат.
Долбоорду ишке ашырууга капиталдык курулуш башкармалыгы тендер жарыялады.
Сметалык баасы 18 миллион сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен каралат.
Сумманын бир бөлүгү быйыл берилсе, калганы 2022-жылы бөлүнөт.