Бишкек-Ош унаа жолунда 3 айда эле дээрлик 500 авария катталды

Бишкек-Ош унаа жолунда 3 айда эле дээрлик 500 авария катталды. Алар   84 адамдын өмүрүн алды. Жол кырсыктары басымдуу учурларда ылдамдыкты ашыруу, жол чийиндерине баш ийбөө жана машиненин техникалык абалынын начар болушунан улам келип чыгат.

 

Куткаруучулар трассанын кооптуу тилкелеринде тынымсыз нөөмөттө турушат. Жолчулар болсо, улам карды тазалашууда. Аварияларды алдын алуу максатында, Бишкек-Ош багытында кышкы дөңгөлөктөргө өтө электер жана тайгактыкка каршы күрөшүүчү шаймандары жок айдоочулар өткөрүлбөйт.