“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында калган камераларды орнотуу 2 жума ичинде башталат

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында калган камераларды орнотуу 2 жума ичинде башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комиетинен билдиришти.

 

Буга чейин камералар Ахунбаев-Алыкулов көчөлөр кесилишинде пайда болгон. Учурда адистер аппараттарды башка райондорго орнотуу үчүн атайын уруксаат алып жатат. Ведомстводон белгилешкендей, долбоорду ишке ашыруу пандемиядан улам, чек аралар жабылгандыктан белгиленген мөөнөттөн кечиктирилди.