Өлкөдө кар көчкүлөрдү атайылап түшүрүү иштери улантылат

Бишкек – ​​Ош жана Талас – Тараз – Суусамыр  унаа жолдорунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар артиллериялык техниканы колдонуу менен жүргүзүлүүдө.

Кар көчкүлөрүн түшүрүү иштери 19-январга чейин уланат.

Кар массаларын жасалма аткылоо жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл экени белгиленет.