Бишкектиктердин жылуулук үчүн карызы миллиондоп саналат

Бишкектиктердин жылуулук үчүн карызы миллиондоп саналат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурга карата керектөөчүлөрдүн бересеси 4 миллион сомдон ашат. Муниципалитет шаар тургундарына кайрылып, жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүү үчүн карыздарды жабуу керектигин эскертти.

 

Эске салсак, ордо калаада жылуулук сезону 9-октябрда старт алды.