Кыргызстанда 9 оорукананын инфекциялык бөлүмдөрүндө оңдоо иштери башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Кайра калыбына келтирүү иштери “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жүрүүдө.
Белгилеп кетсек, ал Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун жалпы баасы 78 миллион сом.