Түндүк-түштүк альтернативалык жана Бишкек-Кара-Балта жолдорунда курулуш иштери уланууда

Түндүк-түштүк альтернативалык жана Бишкек-Кара-Балта жолдорунда курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин сайтында жарыяланды.

 

Ведомство маалыматына ылайык, аткаруучу компаниялар асфальт катмарын төшөп, башка зарыл иштерди жасап жатат. Күтүлгөндөй, курулуш сезону ноябрга чейин созулат. Бардыгы респблика аймагындагы жаан-чачындын көлөмүнөн көз каранды болот.