Бишкектин айрым райондорунда жарык жок болот.
«Түндүк электрден» билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 6га чейин
Жантөшев, Юнусалиев, Достоевский, Молдокулов жана Матросов
көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Ордо, Ак-Босого, Арча-Бешик, Ынтымак,
Кыргызстан, Рухий Мурас, Көк-Жар, Ак-Бата жана Дордой-2 конуштарында
электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.