Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жүк жеткирилип баштады

Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жүк жеткирилип баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонкулова билдирди.

 

Анын айтымында, өкмөт алдында “Баткенге жардам” аталышындагы штаб түзүлдү. Облуска 100 тоннага жакын ар кандай товар жеткирилди. Ошондой эле, колдоону башка аймактар дагы көрсөтүп жатат. Буга чейин Лейлек районуна барчу жол тосулуп, гуманитардык жүктү жеткирүү мүмкүн болбой жаткан.