Кыргызстанда айдоочу күбөлүктөрү көп берилип баштады

Кыргызстанда айдоочу күбөлүктөрү көп берилип баштады. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан берки 9 айда улуттук үлгүдөгү күбөлүк 137 миң жаранга тапшырылды.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 31 пайызга көп. Мындай көрүнүш эл аралык айдоочу күбөлүктөрүнө дагы тиешелүү, алсак, январдан бери 784 мындай документ берилди, бул былтыркыга караганда 169 даанага көп.