Бишкектин мурдагы мэри Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Бишкектин мурдагы мэри Бактыбек Кудайбергенов президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды.

Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Бактыбек Кудайбергенов бүгүн

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Анын ордуна мэрдин

милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Сарыбашов келди. Ал мурда Оштун калаа башчысы

болуп эмгектенген. Кудайбергенов мэрдин милдетин быйыл февралдан бери аткарып келе жаткан.