Чүй, Нарын облустарынын милиция башчылары алмашты

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сапарбек Асаналиев Нарын облустук милиция башчысы болуп дайындалды. Дамирбек Исаков Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчылыгынан кетип, Чүй облустук милициясына жетекчи болду.

 

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

 

7-мартта Нарын облустук милициясынын башчысы Канат Жумагазиев кызматтан кетип, президенттин Чүй облусундагы атайын өкүлү болуп дайындалган.

Ал буга чейин ички иштер органдарында жетекчилик кызматтарда иштеп келген. Былтыр жыл аягынан тартып Нарын облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп жаткан, ага чейин Ысык-Көл облустук жана Бишкек шаардык милицияларын башкарган.