Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Аталган өлкөдөгү кыргызстандыктардын укугун буга чейин коргоп келген Динара Кемелова кызматынан бошотулду.

 

Белгилеп кетсек, Аида Исмаилова 2019-жылы Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп эмгектенген.