Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды

7-мартта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Мурадин Тешебаев Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

 

50 жаштагы Мурадин Тешебаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кара-Тай айылында туулган. 1996-жылы Ош технологиялык университетин аяктаган. Эмгек жолун 2000-2001-жылдары Кара-Суу райондук кеңешинде иштөөдөн баштаган.

 

Бир топ жыл Оштун облустук администрациясында ар кандай кызматтарда иштеп, 2018-2021-жылы өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын башчысы болгон. 2021-жылы президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратын жетектеген.

 

Садыр Жапаров Аламүдүн районунун мурдагы башчысы Бактыбек Анаркуловду 4-мартта кызматтан алган.