Россия Кыргызстанда инфекциялык ооруларды изилдөө боюнча борбор курат

Россия Кыргызстанда инфекциялык ооруларды изилдөө боюнча борбор курат. Бул тууралуу Республикалык карантиндик борбордун башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, объект Бишкекте пайда болот. Россиялык тарап адистерди окутуп, борборду куруп, андан кийин аны Саламаттыкты сактоо министрлигинин балансына өткөрүп берет.