Эгемендүүлүк күнүнө карата президент бир катар кыргызстандыктарга наам ыйгарды.
Сыйлык алгандардын саны 120 адамдан ашык. Алардын катарында медицина кызматкерлери,
мугалимдер, жазуучулар, коомдук ишмер, чиновник, артист, юрист, айыл-чарба кызматкерлери жана
журналисттер бар. I, II жана III даражадагы “Манас” ордени 3 адамга ыйгарылды.
Ошондой эле 4 кызматкерге “Даңк” медалы тапшырылат.