Былтыр жыл аягында кыргызстандыктардын ипотекалык карызы 17 миллиард сомдон ашып, тарыхый чекке жетти.
Улуттук банктан билдиришкендей, сумма өзүнө төлөнбөгөн карыздарды жана аларга кошулган үстөк пайызды камтыйт.
Жарандар көбүнчө 3 жыл же андан көп мөөнөттөгү ипотекасына бересе, аларга 15 миллиард сом туура келет.
Ал эми төлөө мөөнөтүнөн өтүп кеткен насыялардын өлчөмү 171 миллион сомду түзөт.