Эльвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырылды

Бишкектеги кайра шайлоодо Биринчи май округу боюнча жеңишке жетишкен Эльвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырылды.

Боршайкомдон билдиришкендей, 27-февралда өткөн шайлоодо Свердлов округунан жеңүүчү аныктала элек.

Аталган аймактан биринчи орунду алган Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосу добуш сатып алуу фактысы боюнча жокко чыккан.

Талапкер БШКнын чечимин сотко берген.