Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз ыктыяры менен отставкага кетти

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз ыктыяры менен отставкага кетти.

Ошол эле учурда шаардык кеңештин чечими менен Нуртилек Орозбаев

убактылуу калаа башчысы болуп дайындалды. Ал буга чейин мэрдин орун басары

болуп эмгектенген. Эске салсак, буга чейин Бишкек мэри Азиз Суракматов дагы

кызматтан кетүү арызын тапшырган. Ал эми Ош шаарынын жетекчиси

Таалайбек Сарыбашовго калаа депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн.