Өтмөктө жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди

Өтмөктө жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.

Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, кече Таластагы Өтмөк ашуусунда аба ырайына байланыштуу машиналардын тыгыны пайда болду.

Учурда кыймыл жеңил машиналар үчүн гана ачык.

Мындай чектөө кайсы убакытка чейин болору азырынча белгисиз.