Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоого республикалык бюджеттен 322 миллион сом бөлүндү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эске салсак, өлкөдө эл жана турак-жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт.
Ал үчүн республика боюнча дээрлик 28 миң адам ишке тартылат.
Каттоо жүргүзүү калктын так санын билүүгө гана мүмкүндүк бербестен, адамдардын жашоо деңгээлин баалоого шарт түзөт.