Конор Макгрегор биринчи жолу киного тартылат

Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор биринчи жолу киного тартылат.

Спортчу 1989-жылы чыккан “Жол боюндагы үй” тасмасынын ремейкинде ойнойт.

Макгрегорго кандай роль тийгени азырынча белгисиз.

Тасманы тартуу иштери ушул айда башталат.

Эске салсак, ирландиялык мушкер акыркы беттешин былтыр июлда америкалык Дастин Порьеге каршы өткөргөн.

Ал сентябрда рингге кайтып келиши мүмкүн экени айтылууда.