Кыргызстан бензиндин баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 23-орунда жайгашты

Кыргызстан бензиндин баасы боюнча дүйнөлүк рейтингде 23-орунда жайгашты. Global Petrol Prices аналитикалык порталы түзгөн тизмеге ылайык, биздин өлкөдө күйүүчү май орто эсеп менен 78 цент, же 70 сом 27 тыйынды түзөт.

 

Дүйнөдөгү эң арзан бензин Иранда – бир литри болгону 2 сом 60 тыйын турат. Эң кымбат Гонконг шаарында, бул калаанын айдоочулары бир литр бензинди 280 сомдон сатып алат.

 

Ал эми Борбор Азия тууралуу айта турган болсо  к, жеткиликтүү күйүүчү май Түркмөнстанда – литри 38 сом. Экинчи орунда Казакстан жайгашат, коңшу өлкөдө бензин 48 сом 78 тыйынды түзөт.