Ала-Тоо аянтында кыймылга чектөөлөр киргизилди

Ала-Тоо аянтында кыймылга чектөөлөр киргизилди. Мэриядан билдиришкендей, 21-декабрдан 8-январга чейин кечки саат 8ден түнкү 1ге чейин Чүй проспектиси Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.

 

Бул чаралар коомдук тартипти, шаардыктарды жана анын конокторунун коопсуздугун коргоо үчүн киргизилди. Тиешелүү токтомго мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.