Кыргызстан Кытайга эки тараптуу визасыз режим киргизүүнү сунуштады

Кыргызстан Кытайга эки тараптуу визасыз режим киргизүүнү сунуштады. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин айтымында, мындай режим 10 же 14 күнгө берилиши мүмкүн.

 

Кытай тарап биздин сунушту ойлонуп жатат. Эске салсак, өткөн жумада Кытай Казакстан менен бир айлык визасыз режим киргизүү жөнүндө макулдашууну кабыл алды.