Коомдук транспортто жүрүү эрежеси иштелип чыкты

Коомдук транспортто жүрүү эрежеси иштелип чыкты.

Бишкекте 11-майдан тартып ишке кирүүчү муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары,

салонго отургучтардын 70 пайызына гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттамдан кийин

салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке

санитайзер коюлушу керек. Ал эми жүргүнчүлөр коомдук унаага беткапсыз түшүүгө тыюу

салынат жана бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү.