Кыргызстанда унаа импорту өсүүдө

Кыргызстанда унаа импорту өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, март айында эле өлкөгө 15 миң 986 машине алып келинди.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, 4,5 эсе көп.

 

Унаа импорту боюнча биринчи орунда АКШ турат, бул өлкөдөн Кыргызстанга жылдын биринчи кварталында 8 миң 286 транспорт жеткирилген, экинчи орунда Корея турат – 7 миң 930 даана машине, үчүнчү орунда 3 миң 615 унаа менен Япония жайгашат. Өлкөгө унаалар ошондой эле Грузия, Россия жана Кытайдан көп ташылат.