Кыргызстанда калкты жана турак-жайды каттоо кайрадан жылдырылды

Кыргызстанда калкты жана турак-жайды каттоо кайрадан жылдырылды. Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун айтымында,                 20-ноябрда эл каттоону өткөрүү мүмкүн болбой жатат. Себеби кызматкерлерге ноутбуктар жок.

 

Андыктан, процедура кийинки жылга калтырылды. Эске салсак, Кыргызстанда эл каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өткөрүү пландалып, пандемияга байланыштуу 20-ноябрга жылдырылган.  Каттоо жараянын жүргүзүү максатында              28 миң адис даярдыктан өткөн болчу.