Кыргызстан жана Тажикстан чектеш тилкелерди алмашууга макулдашты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айтымында, кеп, Арык-Асты жана Самаркандек тилкелери тууралуу болуп жатат. Чиновник белгилегендей, Тажикстандын жумушчу тобу менен жолугушуу эртең Бишкекте өтөт.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымды түзөт. Анын 60 пайызы дагы эле тактала элек. Дал ошол себептен чектеш аймактарда эки өлкө жарандары ортосунда жаңжалдар чыгып келет.