Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Андан белгилешкендей, Баткен облусунда жайгашкан чек ара бекеттери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

 

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайлары штаттык режимде иш алып барууда. Эске салсак, бүгүн түнү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, ок атылды. Милиция Дахма жергесинин тургундарын коопсуз жерге эвакуациялады.