Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Вице-премьер-министрлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүнө барып, жүк ташуучулар менен жолугушту.

 

Казак тараптын кошумча текшерүүлөрүнөн улам Ысык-Ата районундагы өткөрмө бекетте оор жүк ташуучу машинелердин тыгыны пайда болууда. Кезекте турган унаалардын саны 100дөн ашат. Жеринде чатырлар тигилип, айдоочуларгак  ысык чай берилип жатат. Белгилеп кетсек, мындай кырдаал 7-январдан бери катталууда.