Кыргызстан жана Өзбекстан Чаткал дарыясында кичи ГЭС курууну пландап жатат

Кыргызстан жана Өзбекстан Чаткал дарыясында кичи ГЭС курууну пландап жатат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов билдирди.

 

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча эки тараптуу макулдашуу жетишилди. Андан тышкары, Кыргызстанда электр эсептегичтерин өндүрүү боюнча завод ачуу пландалууда.

 

Чиновник белгилегендей, бүгүнкү күндө энергетика систамасынын натыйжалуулугун жакшыртуу тапшырмасы турат, эки өлкө тең буга кызыктар.