Кыргыз-өзбек унаа заводу баштапкы этапта жылына 3 миң унаа чыгарат

Кыргыз-өзбек унаа заводу баштапкы этапта жылына 3 миң унаа чыгарат.

 

Бул тууралуу Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидов билдирди. Анын айтымында, кийин өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 30 миң унаага чейин жетиши күтүлүүдө.

 

Белгилеп кетсек, завод Чүй облусунда курулат. Анын ачылышы боюнча макулдашуу бүгүн жетишилет.