Өлкөнүн энергетикалык тармагында жабдуулардын жана линиялардын эскирүү деңгээли 80 пайыздан ашты

Өлкөнүн энергетикалык тармагында жабдуулардын жана линиялардын эскирүү деңгээли 80 пайыздан ашты.

 

Ал эми Бишкектин жылуулук-электр борборунуку – 60 пайызды түзөт. Бул тууралуу Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, бул көрсөткүч 30 пайызга жеткенде эле коркунуч жаралат. Бүгүнкү күндө энергетика – Кыргызстандагы эң орчундуу тармак болуп эсептелет, — деди Жапаров. Эске салсак, министр буга чейин билдиргендей, Кыргызстанда электр энергиянын жетишсиздиги 6 миллиард киловатт-сааттан ашат.