Кыргызстанда доллар улам арзандап жатат

Кыргызстанда доллар улам арзандап жатат. Учурга карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 81 сом 70 тыйынга сатып алып, кайра 83 сомдон сатышууда.

 

Айдын башында эле 107 сомго жеткен доллардын куну өткөн жумада кескин түшө баштады. Бул эл аралык валюта рыногундагы абалга байланыштуу катталып жаткан көрсөткүч. Улуттук банк азырынча интервениялар менен абалга кийлигише элек.