Жалал-Абад облусунда бир катар объектилер жабылып, чектөөлөр киргизилди.
Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу аймактык штабдын чечими менен
облустук төрөт үйү, Сузак районундагы бала бакчалар жабылды. Андан тышкары,
1-июлдан тартып Жалал-Абад шаарындагы тойканалар ишин токтотот, той-аш,
майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Базарлар
жумасына бир ирет жабылып дезинфекцияланат.