Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду

Кыргызстанда аскерге чакыруу токтотулду.

Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Коронавирусту жайылтпоо эрежелерин сактоо үчүн жана

өзгөчө кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу аскерге чакыруу токтотулду.

Абал турукташканга чейин Куралдуу күчтөргө кабыл алуу болбойт.

Эске сала кетсек, мартта башталган чакыруу 31-майга чейин уланмак.

Аскер кызматына 3 миң кишини тартуу пландалган.