Өлкө куткаруучулары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Өлкө куткаруучулары кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Жаңы жылдык майрамдарда кыргызстандыктардын коопсуздугун 5 миңден ашык кызматкер камсыздайт.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.  Стратегиялык маанилүү объектилер, эл көп чогулган жерлер жана мектептер, ооруканалар жана башка социалдык жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат.