Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 29-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштейт

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 29-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Майрамга байланыштуу 12 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Стратегиялык маанилүү объектилер, эл көп чогулган жерлер жана мектептер, ооруканалар жана башка социалдык жайлар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Эске салсак, кыргызстандыктар 1-январдан сегизине чейин эс алат.