Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарды эми дүйнөнүн каалаган бурчунан туруп төлөсө болот. Бул үчүн “Инфоком” мамлекеттик ишканасы атайын сайт иштеп чыкты.
Анда интернет-эквайринг технологиясынын жардамы менен онлайн режимде төлөм кабыл алынат. Ведомство маалыматына ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар паспорт жана ID-карта алууга арыз таштап, төлөмдү башка мамлекеттин банк карталары менен жүргүзсө болот.