Мамлекеттик нотариустар эми ишемби күндөрү да иштейт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.
Эске салсак, мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштыруунун мөөнөтү 9-июнга чейин.
Нотариустардын жаңы иш тартиби эртең, 27-апрелден тарта күчүнө кирет.