15-сентябрга чейин Россияга Кыргызстандан 17 аба каттамы уюштурулат

15-сентябрга чейин Россияга Кыргызстандан 17 аба каттамы уюштурулат.

Россиянын Бишкектеги элчилигинен билдиришкендей, Бишкек жана Ош шаарларынан

күнүнө 1,2 ирет каттамдар ишке ашат. Учактар Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана

Новосибирск шаарларына каттайт. Мүмкүнчүлүк жарандыгы барларга жана дарыланууга муктаж адамдарга берилет.

Талапка ылайык, кете турган жаранда акыркы үч күндүн ичинде тапшырган ПЦР анализинин жыйынтыгы болушу керек.

Белгилеп кетсек, учурда Россия жана Кыргызстан ортосунда туруктуу каттамдар ачыла элек.