Өлкө бийлиги энергетикалык суусундуктарга акцизди убактылуу төмөндөтүүнү сунуштады

Өлкө бийлиги энергетикалык суусундуктарга акцизди убактылуу төмөндөтүүнү сунуштады. Экономика министрлиги алкоголсуз энергетиктерге акциз салыгын 10 эсе азайтуу жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

 

Чиновниктердин пикиринде бир литр үчүн акциз салыгын 10 сомдон 1 сомго чейин түшүрүп, муну менен бизнеске колдоо көрсөтүп, калк үчүн товарды жеткиликтүү кылуу керек. Ведомство мындай өзгөрүүлөрдү ушул жылдын 31-декабрына чейин киргизүү ниетинде.

 

Белгилеп кетсек, жакында эле бийлик энергетикалык суусундуктардын зыяндуулугун эске алуу менен аларга акциз салыгын киргизип, баасын көтөрүү чечимин кабыл алган.