Кыргызстанда жолдорду куруу жана оңдоонун кепилдик мөөнөтү узартылды.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, буга чейин мөөнөт 1 жыл болсо,
мындан ары 3 жыл болот. тагырагы, 3 жыл аралыгында трассаларды курган же оңдогон
компания иштердеги мүчүлүштүктөрдлү өз эсебинен жоет. Ведомстводон белгилешкендей,
мындай чара куруучу компанияларды өз ишин сапаттуу жасоого мотивация берет.