Лейлек районунун Жаңы-Жер, Максат жана Кулунду айыл өкмөттөрүн
бириктирген жолдун курулушу аяктоо алдында турат. Райондук
администрациядан билдиришкендей, оңдоло турчу жолдун узундугу
10 чакырымды, туурасы 6 метрди түзөт. Учурда иштер 8 чакырымында аткарылды.
Андан тышкары, калган тажик тарап менен талаш болгон
2 чакырым тилке боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.